Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Финансы каражаттарын бөлүүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 25-марты № 109-б Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, депутаттарды шайлоону өткөрүү убагында шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендерин ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүнө карата текшерүү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэри (макулдашуу боюнча):
- шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жай бөлүп берүү, аларды автоунаа, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдети аткаруучу
Ж.Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2014-жылдын 12-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо…Указ · 12.02.2014 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон