# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 100-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 100-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 100-р
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210981>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11327/edition/544861/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210981.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 100-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу (19.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210981

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 19-марты № 100-р

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимди жетекчиликке алуу менен, Көпүрөлөрдүн жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун курулушуна карата эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 2012-жылдын 15-декабрындагы жолугушуусунун протоколун аткаруу үчүн, ынтымактуу коңшулук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташтык духунда төмөндөгүлөр боюнча макулдашышты: 1-берене. Эки мамлекеттин жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо максатында, Тараптар Гулякандоз каналы жана Козубаглан (Ходжа-Бакиргон) суусу аркылуу эки көпүрөнүн, ошондой эле төмөндөгү географиялык координаттары менен аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторунун курулушун ишке ашырышат:

1) автожол участокторунун башталышы - Х=442087.940; Ү=558323.751;

2) автожол участокторунун бүтүшү - Х=441955.514; Ү=558105.377.

Ийри сызыктардын элементтеринин координаттарынын толук ведомосту бул Макулдашууга тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2-берене. Көпүрөлөрдү жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторун куруу боюнча чыгымдарды, анын ичинде имараттардын, курулмалардын, башка курулуштардын жана жайыттардын бузулуу мүмкүндүгү менен байланышкан чыгымдарды Тараптар бирдей үлүштө Тараптар тарабынан макулдашылган трассанын планы, автожолдордун схемасы жана болжолдонгон курулуштун эсеп-кысап наркына ылайык ишке ашырышат. Трассанын макулдашылган планы, автожолдордун схемасы, болжолдонгон курулуштун эсеп-кысап наркынын, иш өндүрүшүнүн календарлык графигине ылайык курулуш мөөнөтү, ошондой эле көпүрөлөрдү жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторун андан ары күтүүнүн тартиби бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өзүнчө Протоколдор менен таризделет. 3-берене. Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Тажикстан Республикасынын Транспорт министрлиги саналышат. 4-берене. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркация жүргүзүү учурунда бул Макулдашуунун жоболоруна таянышпайт. 5-берене. Тараптар эки Тараптын жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын өтүүсүнө кандайдыр бир жол менен чектөөлөрдү коюшпайт, ошондой эле курулушу бул Макулдашуунун предмети болуп саналган эки көпүрөнүн жана автомобиль жолдорунун участокторундагы кыймылдарга тоскоолдук келтирүүчү постторду жана башка курулуштарды орнотушпайт. 6-берене. Курулган көпүрөлөргө жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторуна менчик укугун аныктоого байланышкан маселелер Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация процесстери аяктагандан кийин чечилет. 7-берене. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон талаштарды Тараптар сүйлөшүү жана консультация берүү жолдору менен чечишет. 8-берене. Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана бул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет. 9-берене. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат жана Тараптар анын күчүнө кирүүсүнө зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет. 10-берене. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга жана юридикалык жактан таризделгенге чейин колдонулат.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында 2014-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ар бири эки нускадан кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө карама-каршылыктар келип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндөгү макулдашууга тиркеме

Ийри сызыктардын элементтеринин координаттарынын ВЕДОМОСТУ

ПК+

X

Y

Участоктун башталышы

0+00.00

442087,940

558323,751

Бурчтун чокусу №

1

1+91.67

441995,161

558156,035

Бурулуштун башталышы

1+38.18

442021,054

558202,843

Ийри сызыктуу айлампанын башталышы

1+68.18

442002,594

558179,618

Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү

1+91,61

441980,097

558175,643

Бурулуштун бүтүшү

2+21.61

441954,795

558191,135

Бурчтун чокусу №

2

2+82.62

441908,760

558231,164

Бурулуштун башталышы

2+82.62

441908,760

558231,164

Ийри сызыктуу айлампанын башталышы

2+82.62

441908,760

558231,164

Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү

2+82.62

441908,760

558231,164

Бурулуштун бүтүшү

2+82.62

441908,760

558231,164

Бурчтун чокусу №

3

4+12.63

441812,019

558318,020

Бурулуштун башталышы

3+83.00

441834,067

558298,225

Ийри сызыктуу айлампанын башталышы

4+03.00

441817,366

558308,820

Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү

4+13.32

441807,164

558308,551

Бурулуштун бүтүшү

4+33.32

441791,044

558297,090

Бурчтун чокусу №

4

4+79.18

441758,578

558264,694

Бурулуштун башталышы

4+47.23

441781,196

558287,263

Ийри сызыктуу айлампанын башталышы

4+67.23

441769,701

558271,168

Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү

4+79.77

441770,036

558258,833

Бурулуштун бүтүшү

4+99.77

441782,387

558243,384

Бурчтун чокусу №

5

6+25.13

441875,797

558159,778

Бурулуштун башталышы

5+67.27

441832,679

558198,370

Ийри сызыктуу айлампанын башталышы

6+17.27

441870,482

558165,654

Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү

6+32.88

441882,775

558156,025

Бурулуштун бүтүшү

6+82.88

441923,594

558127,160

Участоктун бүтүшү

7+21.53

441955,514

558105,377
