Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 19-марты № 100-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндөгү келишимди жетекчиликке алуу менен, Көпүрөлөрдүн жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун курулушуна карата эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 2012-жылдын 15-декабрындагы жолугушуусунун протоколун аткаруу үчүн, ынтымактуу коңшулук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташтык духунда төмөндөгүлөр боюнча макулдашышты: 1-берене. Эки мамлекеттин жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо максатында, Тараптар Гулякандоз каналы жана Козубаглан (Ходжа-Бакиргон) суусу аркылуу эки көпүрөнүн, ошондой эле төмөндөгү географиялык координаттары менен аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторунун курулушун ишке ашырышат:
1) автожол участокторунун башталышы - Х=442087.940; Ү=558323.751;
2) автожол участокторунун бүтүшү - Х=441955.514; Ү=558105.377.
Ийри сызыктардын элементтеринин координаттарынын толук ведомосту бул Макулдашууга тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2-берене. Көпүрөлөрдү жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторун куруу боюнча чыгымдарды, анын ичинде имараттардын, курулмалардын, башка курулуштардын жана жайыттардын бузулуу мүмкүндүгү менен байланышкан чыгымдарды Тараптар бирдей үлүштө Тараптар тарабынан макулдашылган трассанын планы, автожолдордун схемасы жана болжолдонгон курулуштун эсеп-кысап наркына ылайык ишке ашырышат. Трассанын макулдашылган планы, автожолдордун схемасы, болжолдонгон курулуштун эсеп-кысап наркынын, иш өндүрүшүнүн календарлык графигине ылайык курулуш мөөнөтү, ошондой эле көпүрөлөрдү жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторун андан ары күтүүнүн тартиби бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан өзүнчө Протоколдор менен таризделет. 3-берене. Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Тажикстан Республикасынын Транспорт министрлиги саналышат. 4-берене. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркация жүргүзүү учурунда бул Макулдашуунун жоболоруна таянышпайт. 5-берене. Тараптар эки Тараптын жарандарынын жана транспорттук каражаттарынын өтүүсүнө кандайдыр бир жол менен чектөөлөрдү коюшпайт, ошондой эле курулушу бул Макулдашуунун предмети болуп саналган эки көпүрөнүн жана автомобиль жолдорунун участокторундагы кыймылдарга тоскоолдук келтирүүчү постторду жана башка курулуштарды орнотушпайт. 6-берене. Курулган көпүрөлөргө жана аларга чектеш автомобиль жолдорунун участокторуна менчик укугун аныктоого байланышкан маселелер Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация процесстери аяктагандан кийин чечилет. 7-берене. Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон талаштарды Тараптар сүйлөшүү жана консультация берүү жолдору менен чечишет. 8-берене. Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана бул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет. 9-берене. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат жана Тараптар анын күчүнө кирүүсүнө зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет. 10-берене. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга жана юридикалык жактан таризделгенге чейин колдонулат.
____________________ шаарында 2014-жылдын "__" ______________ ар бири эки нускадан кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө карама-каршылыктар келип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ______________________
Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ______________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун участокторун куруу жөнүндөгү макулдашууга тиркеме
Ийри сызыктардын элементтеринин координаттарынын ВЕДОМОСТУ
ПК+
X
Y
Участоктун башталышы
0+00.00
442087,940
558323,751
Бурчтун чокусу №
1
1+91.67
441995,161
558156,035
Бурулуштун башталышы
1+38.18
442021,054
558202,843
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы
1+68.18
442002,594
558179,618
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү
1+91,61
441980,097
558175,643
Бурулуштун бүтүшү
2+21.61
441954,795
558191,135
Бурчтун чокусу №
2
2+82.62
441908,760
558231,164
Бурулуштун башталышы
2+82.62
441908,760
558231,164
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы
2+82.62
441908,760
558231,164
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү
2+82.62
441908,760
558231,164
Бурулуштун бүтүшү
2+82.62
441908,760
558231,164
Бурчтун чокусу №
3
4+12.63
441812,019
558318,020
Бурулуштун башталышы
3+83.00
441834,067
558298,225
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы
4+03.00
441817,366
558308,820
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү
4+13.32
441807,164
558308,551
Бурулуштун бүтүшү
4+33.32
441791,044
558297,090
Бурчтун чокусу №
4
4+79.18
441758,578
558264,694
Бурулуштун башталышы
4+47.23
441781,196
558287,263
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы
4+67.23
441769,701
558271,168
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү
4+79.77
441770,036
558258,833
Бурулуштун бүтүшү
4+99.77
441782,387
558243,384
Бурчтун чокусу №
5
6+25.13
441875,797
558159,778
Бурулуштун башталышы
5+67.27
441832,679
558198,370
Ийри сызыктуу айлампанын башталышы
6+17.27
441870,482
558165,654
Ийри сызыктуу айлампанын бүтүшү
6+32.88
441882,775
558156,025
Бурулуштун бүтүшү
6+82.88
441923,594
558127,160
Участоктун бүтүшү
7+21.53
441955,514
558105,377
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.