# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 85-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 22-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 85-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 22-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 85-р
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11314/edition/544834/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 85-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 22-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу (18.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210968

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 18-марты № 85-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 22-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- төмөнкү мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Баткен облусуна санариптик телеберүүнү киргизүү пилоттук долбоорунун алкагында алынган 7 бирдиктеги санариптик телекөрсөтүүнү бергичтерди төмөнкү аймактарда пайдаланууга уруксат берилсин:

- Чүй облусунда: РРС-4 "Бишкек" (250 Вт);

- Ош облусунда: РРС-18 "Ош" (250 Вт), РРС-32 "Ноокат" (30 Вт), РРС-30 "Араван" (30 Вт), РРС-26 "Узген" (250 Вт);

- Жалал-Абад облусунда: РРС-6/1 "Южная-1" (30 Вт), РРС-6/2 "Южная-2" (250 Вт).";

- 2-пункттун биринчи абзацындагы "2012-жылдын 1-мартына" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-майына" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 85-б буйругуна тиркеме

Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ

Абдылдаев Р.Д.

\-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;

Исмаилов З.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Борубаева А.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальниги;

Салиев Н.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармасынын начальниги;

Хамрабаев Х.Х.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;

Кадыралиева К.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Ибраева М.И.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармасынын башкы адиси;

Молдобаева Г.О.

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармасынын социалдык чөйрөнү каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси;

Абдраев К.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтык саясат башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу;

Эсенгелдиев У.Ч.

\-

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти - техникалык директору (макулдашуу боюнча);

Жанузаков У.С.

\-

"Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча).
