Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 18-марты № 85-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 22-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- төмөнкү мазмундагы 1-1-пунктча менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Баткен облусуна санариптик телеберүүнү киргизүү пилоттук долбоорунун алкагында алынган 7 бирдиктеги санариптик телекөрсөтүүнү бергичтерди төмөнкү аймактарда пайдаланууга уруксат берилсин:
- Чүй облусунда: РРС-4 "Бишкек" (250 Вт);
- Ош облусунда: РРС-18 "Ош" (250 Вт), РРС-32 "Ноокат" (30 Вт), РРС-30 "Араван" (30 Вт), РРС-26 "Узген" (250 Вт);
- Жалал-Абад облусунда: РРС-6/1 "Южная-1" (30 Вт), РРС-6/2 "Южная-2" (250 Вт).";
- 2-пункттун биринчи абзацындагы "2012-жылдын 1-мартына" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-майына" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 85-б буйругуна тиркеме
Баткен облусуна санариптик телекөрсөтүү тармактарын кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Абдылдаев Р.Д.
-
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Исмаилов З.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Борубаева А.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармасынын начальниги;
Салиев Н.А.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономика жана финансы башкармасынын начальниги;
Хамрабаев Х.Х.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;
Кадыралиева К.К.
-
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Ибраева М.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармасынын башкы адиси;
Молдобаева Г.О.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар саясаты башкармасынын социалдык чөйрөнү каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Абдраев К.А.
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматтык саясат башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
Эсенгелдиев У.Ч.
-
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти - техникалык директору (макулдашуу боюнча);
Жанузаков У.С.
-
"Телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун техникалык директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.