# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 72-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 72-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 72-р
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210957>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11303/edition/544288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210957.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-мартындагы № 72-б (Бөлүнү каражаттар боюнча) буйругу (14.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210957

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 14-марты № 72-б Саламаттык сактоонун үчүнчүлүк деңгээлинде республиканын калкына медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана кардиологиялык кызматты заманбап жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга кошумча 200000000 (эки жүз миллион) сомду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн саламаттык сактоо уюмдары үчүн медициналык жабдууларды сатып алууну ишке ашырсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
