# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 59-б (Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 59-б (Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 59-р
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210947>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11293/edition/544268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210947.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 59-б (Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы түзүлүшү боюнча) буйругу (28.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210947

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 28-февралы № 59-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому менен бекитилген 2007-2011-жылдар аралыгында Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамаларын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитетинин 2014-жылдын 10-11-мартында Швейцариянын Женева шаарында болуучу 110-сессиясынын жүрүшүндө маалымдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна

\-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;

Усманова Людмила Юрьевна

\-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Мамыров Шамшыбек Сабырбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын ишин өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;

Джуманалиева Айжан Шадыбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын эксперти;

Искакова Гульнара Тентиевна

\-

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;

Айдит Эркин

\-

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси;

Алтымышева Алмаш Дюшеновна

\-

Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн атташеси.

2. Өкмөттүк делегациянын Бириккен Улуттар Уюмунун Комитетинин сессиясына катышуусуна байланышкан бардык чыгымдар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия үчүн башкармасынын каражатынан төлөнөөрү эске алынсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
