Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 28-февралы № 59-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-февралындагы № 141 токтому менен бекитилген 2007-2011-жылдар аралыгында Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамаларын Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комитетинин 2014-жылдын 10-11-мартында Швейцариянын Женева шаарында болуучу 110-сессиясынын жүрүшүндө маалымдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна
-
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, делегациянын жетекчиси;
Усманова Людмила Юрьевна
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Мамыров Шамшыбек Сабырбекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын ишин өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Джуманалиева Айжан Шадыбековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын эксперти;
Искакова Гульнара Тентиевна
-
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;
Айдит Эркин
-
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси;
Алтымышева Алмаш Дюшеновна
-
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн атташеси.
2. Өкмөттүк делегациянын Бириккен Улуттар Уюмунун Комитетинин сессиясына катышуусуна байланышкан бардык чыгымдар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия үчүн башкармасынын каражатынан төлөнөөрү эске алынсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон