# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 49-б (Муниципалдык автомобиль жолу боюнча буйругу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 49-б (Муниципалдык автомобиль жолу боюнча буйругу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 49-р
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210939>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11285/edition/544252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210939.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 49-б (Муниципалдык автомобиль жолу боюнча буйругу) (17.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210939

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 17-февралы № 49-б "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөрүш жана Жаңы-Абад калктуу конуштары аркылуу Өзгөн шаарын карай өтүүчү, узундугу 4 км муниципалдык автомобиль жолу жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдор категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте оперативдүү башкаруу укугу менен:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобилдик жолду балансына алсын;

- көрсөтүлгөн автомобилдик жолду 2014-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
