Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бишкек шаарында 2-мартына чейин шайба менен хоккей боюнча Азиянын чакырыгы кубогу өткөрүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-02-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 12-февралы № 41-б Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун чыңдоо, жаштардын спорт иш-чараларына катышуусун активдештирүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Бишкек шаарында 2014-жылдын 23-февралынан 2-мартына чейин шайба менен хоккей боюнча Азиянын чакырыгы кубогу (мындан ары - Азиянын чакырыгы кубогу) өткөрүлсүн.
2. Азиянын чакырыгы кубогун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети Азиянын чакырыгы кубогун даярдоонун жана өткөрүүнүн планын бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азиянын чакырыгы кубогун даярдоо жана өткөрүү үчүн финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2014-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Азиянын чакырыгы кубогунун катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
6. Бишкек шаарынын мэриясына Азиянын чакырыгы кубогун өткөрүү учурунда шаардын көчөлөрүн жана ал өтүүчү жерди тийиштүү жасалгалоо боюнча иштерди жүргүзүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети турнирдин катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында автоунаа аркылуу жүрүүдө коопсуздугун, матчтарды өткөрүү учурунда көрүүчүлөрдүн жана расмий адамдардын коопсуздугун, Азиянын чакырыгы кубогу өтүүчү жерде, анын ичинде Азиянын чакырыгы кубогунун катышуучулары жана меймандары жашаган жерлерде коомдук укуктук тартипти камсыз кылышсын.
8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына Азиянын чакырыгы кубогун түз алып баруу боюнча уюштуруу комитетине көмөк көрсөтүү сунушталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте Азиянын чакырыгы кубогуна келген расмий адамдарга, курама командалардын мүчөлөрүнө жана коштоочу адамдарга виза алууга көмөк көрсөтсүн.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 41-б буйругуна тиркеме
Шайба менен хоккей боюнча Азиянын чакырыгы кубогун даярдоочу жана өткөрүүчү уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Талиева Камила Абдыразаковна
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Саралинов Мурат Назарбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Лаврова Ольга Владимировна
-
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Сагинбаева Динара Зарлыковна
-
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Суранчиев Абдулда Шергазиевич
-
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Оторбаев Эринес Мотойович
-
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Оторбаев Кубатбек Табылдиевич
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Усубакунова Айгүл Ильясовна
-
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Аманкулов Канат Маратович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин башкы катчысы (макулдашуу боюнча);
Оморканов Анвар Насыбекович
-
Кыргыз Республикасынын шайба менен хоккей боюнча федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон