# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 27-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун ортосундагы Азия менен Европанын ортосунда жана негизги дүйнөлүк базарлардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү автотранспорт менен ташууну өнүктүрүү жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 27-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун ортосундагы Азия менен Европанын ортосунда жана негизги дүйнөлүк базарлардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү автотранспорт менен ташууну өнүктүрүү жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 27-р
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11267/edition/543176/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210921.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 27-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун ортосундагы Азия менен Европанын ортосунда жана негизги дүйнөлүк базарлардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү автотранспорт менен ташууну өнүктүрүү жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактыруу боюнча) буйругу (04.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210921

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 4-февралы № 27-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун ортосундагы Азия менен Европанын ортосунда жана негизги дүйнөлүк базарлардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү автотранспорт менен ташууну өнүктүрүү жагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Ушул буйруктун 1-пунктунда каралган Меморандум күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 83-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
