# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 171 (Д.А.Кенекеев жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 171 (Д.А.Кенекеев жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210894>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11240/edition/546896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210894.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 171 (Д.А.Кенекеев жөнүндө) буйругу (26.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210894

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2011-жылдын 26-сентябры № 171 "Барди Компани" жоопкерчилиги чектелген коомунун, Э.С.Римеровдун, О.Н.Римерованын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-сентябрындагы № 214 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-октябрындагы № 113 буйругун жараксыз деп эсептөө тууралуу доо арызы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктунун он тогузунчу абзацына таянуу менен: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Кенекеев Дайыр Атакуловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен берилсин.

Министр Кыргыз Республикасынын Аппарат Жетекчиси

Н. Момуналиев
