# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 22-августундагы № 233 (А.М.Рыскулова жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 22-августундагы № 233 (А.М.Рыскулова жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 233
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210870>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11216/edition/546046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210870.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 22-августундагы № 233 (А.М.Рыскулова жөнүндө) буйругу (22.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210870

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 22-августу № 233 Кыргыз Республикасынын сот оргапдарыида Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө" токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Рыскулова Айгүл Маратбековнага бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр

Т. Беков
