# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 271 (И.К.Чунуев жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 271 (И.К.Чунуев жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11210/edition/546034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 271 (И.К.Чунуев жөнүндө) буйругу (26.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210864

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 26-сентябры № 271 "Жерүйалтын" жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 286 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө" токтомун жараксыз деп эсептөө тууралуу доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Чунуев Ишимбай Карыбаевичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр

Н. Момуналиев
