# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 255 (А.Ш.Осмоналиев жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 255 (А.Ш.Осмоналиев жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11208/edition/546487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 255 (А.Ш.Осмоналиев жөнүндө) буйругу (05.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210862

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 5-сентябры № 255 Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 Декретин жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 Декретинин 4-пунктун жараксыз деп табуу жөнүндө "О.К.К.В." жоопкерчилиги чектелген коомдун, СЛ. Калимованын, Б.Л. Байгобыловдун, В.В. Баевдин жана башкалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекигилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директорунун милдетин аткаруучу Осмоналиев Айбек Шермамбетовичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өткөрүп берүү укугу менен ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин-министрдин милдетин аткаруучу

Т. Беков
