# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 31 -июлундагы № 220 (Т.А. Сагындыков жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 31 -июлундагы № 220 (Т.А. Сагындыков жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11202/edition/545603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 31 -июлундагы № 220 (Т.А. Сагындыков жөнүндө) буйругу (31.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210856

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 31 -июлу № 220 Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө" токтомун жараксыз деп таануу жөнүндө "Офицерлердин намысын коргоо" коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каршы берген доо арызы каралгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктун жетекчиликке алуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору Сагындыков Турат Арстанбековичке бардык соттук инстанциялардагы соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Т. Беков
