# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 3-майындагы № 137 (Алиев Эмил Турдугуловичке ишеним кат берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 3-майындагы № 137 (Алиев Эмил Турдугуловичке ишеним кат берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11190/edition/545578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 3-майындагы № 137 (Алиев Эмил Турдугуловичке ишеним кат берүү тууралуу) буйругу (03.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210844

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 3-майы № 137 Жарандар А.Сыгановдун, Т.Мамыркуловдун жана Т.Үмөтбаевдин Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-майындагы токтомун, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдын 18-майындагы № 295 токтомун, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдын 9-сентябрындагы № 110 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 11-февралындагы № 78 "Чүй областынын Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн калктуу конуштарын кеңейтүүгө жер бөлүп берүү жөнүндө" токтомун жараксыз деп эсептөө жөнүндө берилген доо арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Алиев Эмил Турдугуловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Т. Беков
