# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 30-мартындагы № 121 (Аманкулов Марат Аскеровичке ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 30-мартындагы № 121 (Аманкулов Марат Аскеровичке ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11188/edition/545574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210842.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 30-мартындагы № 121 (Аманкулов Марат Аскеровичке ишеним кат берүү боюнча) буйругу (30.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210842

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 30-марты № 122 Юридикалык жактардын "Кыргызский союз кооперативов" бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомун жараксыз деп эсептөө тууралуу арызы Кыргыз Республикасынын сот органдарында каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Аманкулов Марат Аскеровичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Т. Беков
