# КР Президентинин 2012-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 55 (Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2012-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 55 (Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/21082>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4569/edition/1126052/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/21082.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2012-жылдын 2-апрелиндеги ПБ № 55 (Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругуна толуктоолор киргизүү жөнүндө) буйругу (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/21082

---

КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2012-жылдын 2-апрели ПБ № 55 Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» билим берүү программасын жүзөгө ашыруу процессин оптималдаштыруу максатында:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 12-сентябрындагы №296 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

-1-пунктта «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын; -жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Билим берүү фонду жөнүндө Жободо: 1-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: «-чет өлкөдө таланттуу жана зээндүү балдарды жана жаштарды окутууга финансылык колдоо көрсөтүү; -эл аралык олимпиадаларга, конкурстарга жана мелдештерге катышуу үчүн зээндүү балдарга жана жаштарга колдоо көрсөтүү;»; 2-пунктта «Кыргызстан» АКБнын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган финансы-кредиттик мекеменин» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «-республикалык бюджеттин каражаттарынан;»; 5-пунктта «Администрациясынын иш башкармасынын бухгалтердик эсепке алуу жана контроль бөлүмү» деген сөздөр «Иш башкармасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пунктта «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы №50 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

-жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, искусство жагында зээндүү жаштар үчүн Президенттик «Прелюдия» стипендиясы жөнүндө Жободо: бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пунктта «300 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана сандар алып салынсын; Төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: «6. «Прелюдия» стипендиясынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.»; -жогоруда аталган буйрук менен бекитилген, искусство жагында зээндүү жаштар үчүн Президенттик «Алтын шаты» стипендиясы жөнүндө Жободо: бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пунктта «500 сом өлчөмүндө» деген сөздөр жана сандар алып салынсын; төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: «6. «Алтын шаты» стипендиясынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.».

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
