# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 28-мартындагы № 118 (Э.Т.Алиевке ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 28-мартындагы № 118 (Э.Т.Алиевке ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11159/edition/545685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 28-мартындагы № 118 (Э.Т.Алиевке ишеним кат берүү боюнча) буйругу (28.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210812

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2012-жылдын 28-марты № 118 Кыргыз Республикасынын сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин колдонууну токтотуу жөнүндө" токтомун жараксыз деп эсептөө жөнүндө доо арыздар каралып жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 7-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алиев Эмил Турдугуловичке бардык соттук жыйындарда, бардык соттук инстанцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага башка адамдарга өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Т. Беков
