Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Д.А.Аширалиевке ишеним кат берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 20-февралы № 31 Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту "Кыргыз-казак укук жана мамлекеттик кызмат академиясы" жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 195-б буйругун жараксыз деп табуу тууралуу доо арызын өндүрүшкө кабыл алганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин контроль-укук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Аширалиев Данияр Абдымиталиповичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы №195-б буйругуРаспоряжение · 30.06.2007 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №612 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 612 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы №2 ""Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612…Постановление · 10.01.2009 · № 2 · Күчүн жоготкон