# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 6-октябрындагы № 145 (Б.Т. Кудайбергеновге ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 6-октябрындагы № 145 (Б.Т. Кудайбергеновге ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210806>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11153/edition/544966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210806.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 6-октябрындагы № 145 (Б.Т. Кудайбергеновге ишеним кат берүү боюнча) буйругу (06.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210806

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 6-октябры № 145 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту "Норд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-январындагы № 47 "Асман-Визит" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер участогун берүү жөнүндө" токтомун жараксыз деп табуу тууралуу берген доо арызын карап жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча башкармасынын башкы адиси Кудайбергенов Бакытбек Төрөбаевичке аталган арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Н.Айтмурзаев
