# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 15-сентябрындагы № 137 (Р.И. Ибраимовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 15-сентябрындагы № 137 (Р.И. Ибраимовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11151/edition/544962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210804.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 15-сентябрындагы № 137 (Р.И. Ибраимовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу (15.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210804

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 15-сентябры № 137 Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жарандар К.Асаналиевдин, Р.Бобушевдин ж.б. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 21-февралындагы № 75 "Аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын кызматчыларынын пенсиясынын эсебине кошулуучу пай акчаларынын өлчөмү жөнүндө" токтомун жараксыз деп табуу тууралуу доо арызын карап жатканына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянып: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сот органдары менен иштөө жана укуктук колдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Ибраимов Рустам Изираиловичке аталган арыз боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Н.Айтмурзаев
