# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 925
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11140/edition/542828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (29.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210793

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 29-декабры № 925 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүнүн өзгөндүгүнө, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 369 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:";

- Тиркемеде:

биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; он жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;".

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 16-июлундагы № 554 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттагы "2012-жылдын 1-сентябрына чейинки" деген сөздөр жана цифралар "2013-жылдын I кварталынын аягына чейинки" деген сөздөр жана цифраларга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын Нарусбаева Улара Раитовна, Асанакунов Болотбек Жапарович;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Сабиров Шухрат Маматалиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 28-майындагы № 473 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
