КР Премьер-министрин (Эксперттик-консультациялык топ түзүлүшү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 4-декабры, № 891
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин прогрммасын жана аны ниже ашыруу боюнча негизги Иш-чаралардын планын ийгиликтүү аткаруу, пайда болгон экономикалык, социалдык чакырыктарды чечүү жана мамлекетгак органдардын ишин координациялоону күчөтүүгө, пландалган коомдук маанилүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган мамлекеттик органдарын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды оперативдүү жана өз убагында дярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу эксперттик-консультациялык топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик-консультациялык топ коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратгарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле зарыл болгон материалдарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери эксперттик-консультацияльж топтун ишине көмөк жана колдоо көрсөтсүн.
4. Эксперттик-консультациялык топтун ишин уюштуруу-техникальж камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
5. Эксперттик-консультацияльж топтун ишин каржылоо үчүн эл аралык уюмдардын жана енүктүрүү агенттиктеринин фанттык каражаттары тартылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисин биринчи орун басары М.К. Мукамбетовго жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2012 · № 2264-V · Күчүн жоготкон