# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы ылайык бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы ылайык бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 843
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11126/edition/542803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы ылайык бекитүү боюнча) буйругу (14.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210779

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 14-ноябры № 843 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кенеш) төрагасы; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин жооптуу катчысы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Программалык камсыздоону жана тейлөөнү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Интернет саясаты жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).

Жекече:

Нурматов Б.Н. - Электроника жана коммуникация институтунун директору (макулдашуу боюнча); Искаков С.Т. - Байланыш ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
