Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы ылайык бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 14-ноябры № 843 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кенеш) төрагасы; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти, Кеңештин жооптуу катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Программалык камсыздоону жана тейлөөнү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Интернет саясаты жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).
Жекече:
Нурматов Б.Н. - Электроника жана коммуникация институтунун директору (макулдашуу боюнча); Искаков С.Т. - Байланыш ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 468 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеши тууралуу) буйругуРаспоряжение · 01.10.2013 · № 468 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамын бекитүү боюнча)…Распоряжение · 17.06.2011 · № 317 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы №468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2008 · № 468
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 17-июнундагы № 317 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңештин курамын бекитүү боюнча)…Распоряжение · 17.06.2011 · № 317 · Күчүн жоготкон