# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-октябрындагы № 831 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп кызмат орундарын ээлеген адамдар бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-октябрындагы № 831 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп кызмат орундарын ээлеген адамдар бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 831
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210773>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11120/edition/613922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210773.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-октябрындагы № 831 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп кызмат орундарын ээлеген адамдар бекитүү боюнча) буйругу (30.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210773

---

КР Премьер-министринин 2015-жылдын 30-январындагы № 19 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 29-октябры № 831 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкү кызмат орундарын ээлеген адамдар бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн жетекчисин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн маселелерин көзөмөлгө алган орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды жана төлөмдөрдү мониторингдөө жана талдоо башкармалыгынын начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 18-майындагы № 450 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
