# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 12-октябрындагы № 786 (Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 12-октябрындагы № 786 (Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 786
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11114/edition/546316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 12-октябрындагы № 786 (Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия бекитүү боюнча) буйругу (05.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210767

---

КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 509 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 12-октябры № 786 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобого ылайык:

1. Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлүгүнө төмөнкүлөр бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын атынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 433 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
