# Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 17-июнун № 159-р "жоюу комиссиясы түзүлсүн" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 17-июнун № 159-р "жоюу комиссиясы түзүлсүн" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 159-р
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/21076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-4563/edition/543968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/21076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 17-июнун № 159-р "жоюу комиссиясы түзүлсүн" буйругу (17.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/21076

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ БУЙРУК 2010-жылдын 17-июну № 159-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12 июнундагы №79 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы №80 «Кыргызстандын өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө» токтомуна ылайык:

1.Тиркемеге ылайык курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн:

2.Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-беренелеринде, ошондой эле «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 86,87-беренелеринде каралган чараларды көрсүн, белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:

-Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жана Кыргызстандын өнүктүрүү институту жоюлганы жөнүндө маалыматтарды жарыялоону; -жоюлган структуралардын мүлкүн тизмелөөнү; -жоюлган структуралардын материалдык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүү-кабыл алууну; -жоюлган структураларды эмгектик келишим (контракт) боюнча иштеген адамдарга акыркы эсептешүүнү жана социалдык пособиелерди берүүнү; -жоюлган структкралардын ликвиддик балансын даярдоону жана аны бекитүүгө берүүнү; -жоюлган структуралардын документтерин Кыргыз Республикасынын Президентинин архивине өткөрүүнү; -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоюлган структуралардын иштеши токтотулганын каттоо үчүн документтердин керектүү пакетин даярдоону; -жоюлган структуралардын бошотулган кызматкерлерин ишке орноштуруу боюнча сунуштарды берүүнү.

3.Жоюу комиссиясы аткарган иштердин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине берилсин.

4.Бултескемени аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарына тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси:

Э.Каптагаев

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 17-июнун №159-р буйругуна тиркеме

Жоюу комиссиясынын курамы

Момуналиев Н.С.

-Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин Биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;

Орозалиев С.С.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Юдин С.Э.

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги;

Өмүралиева К.М.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин башчысы;

Мурзакматов Ы.

-Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун активдер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Макарова Г.Г.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөрдү каттоону жана издөөнү контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

Андашова Н.Д.

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматтагы мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

Даниярова Э.А.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Пландоо, каржылоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн референти;

Турдакунова Н.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Пландоо, каржылоо жана эсепке алуу борборунун каржылоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн референти;

Алымкулова Н.С.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өндүрүштүк-пландоо бөлүмүнүн референти;

Арабаев Р.А.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын юридика бөлүмүнүн референти;

Айтымбетов Э.Ж.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ичке аудит бөлүмүнүн референти;

Комарова Г.И.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча департаментинин башкы адиси;

Кудайбергенов К.М.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын курулуш жана мамлекеттик мүлк бөлүмүнүн башчысы.
