# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-августундагы № 630 (Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын иши боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-августундагы № 630 (Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын иши боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 630
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11099/edition/551113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-августундагы № 630 (Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын иши боюнча) буйругу (17.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210752

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 30-августу № 630 Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүнү эске алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 17-пунктун жетекчиликке алып:

1. Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында облустук телерадиокомпаниялар жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустук гезиттеринин редакциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын карамагына өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын жетекчилерин кызматына дайындоо жана кызматынан бошотуу боюнча облустардагы ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын жоболорунун (уставдарынын), алардын түзүмдөрүнүн жана штаттык санынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жүктөлсүн.

Премьер-министрин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
