КР Премьер-министрин (Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын иши боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 июня 2014 года № 340 "О Департаменте информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-06-17.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 30-августу № 630 Облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүнү эске алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 17-пунктун жетекчиликке алып:
1. Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында облустук телерадиокомпаниялар жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас, Чүй облустук гезиттеринин редакциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын жетекчилерин кызматына дайындоо жана кызматынан бошотуу боюнча облустардагы ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты облустук телерадиокомпаниялардын жана облустук гезиттердин редакцияларынын жоболорунун (уставдарынын), алардын түзүмдөрүнүн жана штаттык санынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жүктөлсүн.
Премьер-министрин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти…Постановление · 17.06.2014 · № 340
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон