# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-июнундагы № 519 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 425 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-июнундагы № 519 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 425 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 519
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11084/edition/713880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-июнундагы № 519 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 425 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (11.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210737

---

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 166 буйругуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 29-июну № 519 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 425 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбула төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык:";

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Муратов Абдиманнап Аттокурович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Токтогулов Асылбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын курамынан М.Ж.Үсөналиев, А.Т.Абеков чыгарылсын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
