Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин (Туруктуу негизде иштеген Жер казынасы объекттерин пайдалануу укугуна аукциондорду өткөрүү боюнча комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 31 октября 2012 года № 835 (О признании утратившими силу некоторых нормативных актов)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-31.
КР Премьер-министринин 2012-жылдын 31-октябрындагы № 835 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 19-июну № 511 (КР Премьер-министринин 2012-жылдын 7-августундагы № 590 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобонун 25-пунктуна ылайык:
1. Туруктуу негизде иштеген Жер казынасы объекттерин пайдалануу укугуна аукциондорду өткөрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Комиссиянын төрагасы; Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Касымалиев Адылбек Алешевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары; Асангазиева Жылдыз Азимовна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жер казынасын лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ар Намыс" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "СДПК" фракциясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Аттокуров Мелс Шерикбаевич - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Осмонбетов Эмил Кубатович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Токтоналиев Асан Саматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы; Акеров Таалайбек Абдраманович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; Рустамов Абдыкалык Алибекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Асанов Айбек Кадырович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; Богдецкий Валентин Николаевич - Кыргыз Тоо-Кен ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Түнгатаров Актилек Кырманчиевич - Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Нурбаев Төлөнбай Камалдинович - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин түштүк регион боюнча атайын өкүлү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жер казынасы объектиси жайгашкан орду боюнча жер ээлеринин өкүлдөрү.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 31-октябрындагы № 835 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругтары күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 31.10.2012 · № 835
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 7-августундагы № 590 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 19-июнундагы № 511 буйругу өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 07.08.2012 · № 590 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 31-октябрындагы № 835 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругтары күчүн жоготту боюнча) буйругуРаспоряжение · 31.10.2012 · № 835
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.04.2012 · № 228 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.