Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин (Жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 29 декабря 2012 года № 925 (О внесении изменений в некоторые распоряжения Премьер-министра Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-12-29.
КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 28-майы № 473 Аткаруу бийлигинин түзүмүнө мамлекеттик органдардын, анын ичинде аймактык бөлүктөрдүн ишинин натыйжалуулугу жагынан талдоо жүргүзүү үчүн:
1. Жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын адистерин өзүнүн ишине тартууга жана зарыл маалыматты сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Жумушчу топ 2012-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна сунуш киргизсин.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Тиркеме
Аткаруу бийлигинин түзүмүнө мамлекеттик органдардын, анын ичинде аймактык бөлүктөрдүн ишинин натыйжалуулугу жагынан талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
Кайназаров Руслан Джумабекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы; Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Джунушалиев Мелис Турусбекович - Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору; Мусабеков Алмазбек Обосбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча агенттиктин директорунун орун басары; Слепченко Наталья Сергеевна - көз карандысыз эксперт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Премьер-министрин 2012-жылдын 29-декабрындагы № 925 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.12.2012 · № 925
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы №42 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2011 · № 41 · Күчүн жоготкон