# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 18-майы № 450 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 18-майы № 450 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 450
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11060/edition/542563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 18-майы № 450 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү бекитүү боюнча) буйругу (18.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210713

---

КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-октябрындагы № 831 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 18-майы № 450 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөмдөрү секторунун башчысы;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү маселелерин тейлөөчү орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды жана төлөмдөрдү мониторингдөө жана талдоо башкармалыгынын начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 233 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
