Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин буйругу менен бекитилген түшүндүрмөгө өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 17-июлу № 106 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50 жана 53-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2009-жылдын 15-майындагы № 69 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуна түшүндүрмөгө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- түшүндүрмөнүн биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтому менен ТЭИ ТН 170199100 коду менен классификацияланган кантты Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө квота, ошондой эле жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде аныкталган көлөмдө белгиленген квотанын чектеринде Кыргыз Республикасынын аймагына кантты иморттоого ишканалардын укугу белгиленген. Мында ушул токтом ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кириши жана күчүнө кирген учурдан тарып он эки ай жарактуу болоору каралган. Демек, ушул күндөн тартып жана он эки айдын ичинде жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн ишканалар декларациялоочу көлөмдөрдү кошпогондо, ТЭИ ТН 170199100 коду менен классификацияланган кантты Кыргыз Республикасына ташып кирүү "Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажылык режиминде бажылык тариздөөгө жол берилбейт.".
2. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына ишке пайдалануу үчүн жиберилсин.
3. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 15-майындагы № 69 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына кант ташып…Распоряжение · 15.05.2009 · № 69
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №221 "Кыргыз Республикасына кант ташып кирүүгө квота белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2009 · № 221 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241