# КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 30-майындагы № 78 (К.А.Байтилешовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 30-майындагы № 78 (К.А.Байтилешовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210689>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11036/edition/544609/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210689.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2009-жылдын 30-майындагы № 78 (К.А.Байтилешовко ишеним кат берүү боюнча) буйругу (30.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210689

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ 2009-жылдын 30-майы № 78 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынын тургундары А.Сагыновдун, Т.Мамыркулованын, Т.Үмөтбаевдин Чүй облусунун экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 2007-жылдын 28-декабрындагы чечиминин үстүнөн беришкен көзөмөлдөө иретиндеги даттануусун Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кароосуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 97-пунктуна таянуу менен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры башкармасынын начальнигинин орун басары Байтилешов Кадырбек Айбашовичке аталган иш боюнча бардык инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр

Н.Айтмурзаев
