Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (2014-жылы өтүүчү республикалык кеңешмени даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 23 июля 2015 года № 325 (Об образовании рабочей группы по подготовке и проведению республиканского совещания 2015 года)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-23.
КР Премьер Премьер-министринин 2015-жылдын 23 июлундагы №325 буйругуна ылайык Күчүн Жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 5-марты № 99 Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери менен өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо боюнча республикалык кеңешмени (мындан ары - республикалык кеңешме) өз убагында даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып:
1. 2014-жылы өтүүчү республикалык кеңешмени даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч күндүк мөөнеттө 2014-жылы өтүүчү республикалык кеңешмени даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, коз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-февралындагы № 48 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 5 мартындагы № 99 буйругуна тиркеме
2014-жылы өтүүчү республикалык кеңешмени даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Момуналиев Нурханбек Сакенович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Эргешов Алтынбек Калдарович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Раев Султан Акимович
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Касиев Накен Касиевич
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кожошев Арзыбек Орозбекович
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мусабеков Алмаз Обозбекович
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Айтбаев Урмат Шакиралиевич
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Жусубалиев Азимкан Өмүралиевич
- Кыргыз РеспубликасыЬшн Өкметүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Шаршеев Айдин Өмүралиевич
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Эржигитов Мелисбек Каныбекович
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма соз катчысы;
Бакиров Жетиген Жокинович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Мамбетакунов Нурбек Тельманович
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Усубакунова Айныжамал Ильясовна
- Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 325 ( 2015-жылдагы республикалык кеңешмеге даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жумушчу топ курамын түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.07.2015 · № 325
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 7-февралындагы № 48 (Жумушчу топ түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 07.02.2013 · № 48 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 7-февралындагы № 48 (Жумушчу топ түзүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 07.02.2013 · № 48 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 325 ( 2015-жылдагы республикалык кеңешмеге даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жумушчу топ курамын түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.07.2015 · № 325