# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 24-январындагы № 37 (Тендерди жараксыз деп эсептөө жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 24-январындагы № 37 (Тендерди жараксыз деп эсептөө жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11013/edition/542968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 24-январындагы № 37 (Тендерди жараксыз деп эсептөө жөнүндө) буйругу (24.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210666

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 24-январы № 37 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 139-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын сот органдарына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Каракол автожолунда (Ысык-Көл облусу) видео-көзөмөлдөөнүн, фото- жана видеофиксациянын жана видео-таануунун программалык-аппараттык комплексин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин алдында кылмыштарды эсепке алуунун жана каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга өткөргөн тендерди жараксыз деп эсептөө жөнүндө доо менен кайрылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине баардык зарыл материалдарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Кыргыз Республикасынын финансы министрине белгиленген тартипте тийиштүү ишеним кат берсин.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
