# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 27-январындагы № 41 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 27-мартындагы № 356 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 27-январындагы № 41 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 27-мартындагы № 356 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-11010/edition/542956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 27-январындагы № 41 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 27-мартындагы № 356 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210663

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 27-январы № 41 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 27-мартындагы № 356 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Төмөнкүлөргө бекитип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун майынын сарпталышы төмөнкүчө белгиленсин:

- командировкалык барууларды эсепке алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү үчүн айына 300 литрден ашпоого тийиш, буга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кирбейт, ага командировкалык барууларды эсепке алуу менен айына 350 литр лимит каралган;

- ушул буйруктун 3-тиркемесинин биринчи-үчүнчү абзацтарында аталган кызмат адамдары үчүн командировкалык барууларды эсепке албаганда айына 500 литрден ашпоого тийиш;

- ушул буйруктун 3-тиркемесинин төртүнчү-алтынчы абзацтарында аталган кызмат адамдары үчүн командировкалык барууларды эсепке алуу менен айына 500 литрден ашпоого тийиш.".

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
