Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 27-январы № 41 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 27-мартындагы № 356 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Төмөнкүлөргө бекитип берилген кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттун майынын сарпталышы төмөнкүчө белгиленсин:
- командировкалык барууларды эсепке алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү үчүн айына 300 литрден ашпоого тийиш, буга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кирбейт, ага командировкалык барууларды эсепке алуу менен айына 350 литр лимит каралган;
- ушул буйруктун 3-тиркемесинин биринчи-үчүнчү абзацтарында аталган кызмат адамдары үчүн командировкалык барууларды эсепке албаганда айына 500 литрден ашпоого тийиш;
- ушул буйруктун 3-тиркемесинин төртүнчү-алтынчы абзацтарында аталган кызмат адамдары үчүн командировкалык барууларды эсепке алуу менен айына 500 литрден ашпоого тийиш.".
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.