# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 17-мартындагы № 127 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 17-мартындагы № 127 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210645>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10992/edition/733723/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210645.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 17-мартындагы № 127 (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу) буйругу (11.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210645

---

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-августундагы № 457 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 17-марты № 127 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктуна ылайык:

1. Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп бекитилсин:

Орозов Талайбек Саратанбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Таткулов Таалай Джумалыевич

\-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Нурбашев Таалайбек Инашевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Содомбаев Жумаш Асанович

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору;

Калилов Жамшитбек Калилович

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун директору;

Ибрагимов Абдукахар Малаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин адам ресурстарын өнүктүрүү жана документ жүгүртүү башкармалыгынын начальниги;

Тамабаева Нуриля Осмонкуловна

\-

Кыргызстандын транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин социалдык-экономикалык жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 8-февралындагы № 51 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
