# КР Премьер-министринин 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 178 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгүн жиберүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 178 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгүн жиберүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2014
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210639>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10986/edition/1280149/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210639.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 178 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгүн жиберүү тууралуу) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210639

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2014-жылдын 18-апрели № 178 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2014-жылдын 21-25-апрелинде өтө турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министри

Дж.Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 178 буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2014-жылдын 21-25-апрелинде өтө турган кезектеги жыйыныма катышуучу комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Искандаров К.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси;

Катанаев А.Г.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;

Касмалиев А.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору;

Момбеков А.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Кыдырмышев Т.Ж.(\*)

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун атташеси;

Камбаралиев Б.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармасынын улук офицери;

Жакыпов Б.М.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Мандычев Н.И.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедициясынын начальниги.

Эскертүү: (\*) - тартылган адам.
