# КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 468 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеши тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 468 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеши тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 468
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10950/edition/772427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2013-жылдын 1-октябрындагы № 468 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеши тууралуу) буйругу (14.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210603

---

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 670 буйругуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ 2013-жылдын 1-октябры № 468 (КР Премьер-министринин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 492, 2014-жылдын 25-июлундагы № 328, 2016-жылдын14 декабрындагы № 670 буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) курамына төмөнкүлөр кирээри бекитилсин:

- кызмат орду боюнча:

Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; (төртүнчү абзац КР Премьер-министринин 2014-жылдын 25-июлундагы № 328 буйругуна ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары (Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүнү киргизүү маселелери боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Электрондук башкаруу мамлекеттик борборунун жетекчиси, Кеңештин жооптуу катчысы; Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Интернет саясатындагы жарандык демилге" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

- жекече:

Нурматов Б.Н. - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору; Искаков С.Т. - Байланыштын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Сүйүмбаева Ч.Д. - ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча координатору (макулдашуу боюнча). (КР Премьер-министринин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 492 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
