# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-мартындагы № 350 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-февралындагы № 245 буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-мартындагы № 350 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-февралындагы № 245 буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 350
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210588>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10935/edition/545994/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210588.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 30-мартындагы № 350 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-февралындагы № 245 буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (30.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210588

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 30-марты № 350 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-февралындагы № 245 буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 2-тиркемеде:

7-пункту төмөнкү мазмундагы 9-1 жана 9-2-пунктчалары менен толукталсын: "9-1) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана превентивдүү коргоо иш-чараларын жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана анын масштабдарын баалоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштерин координациялоо; 9-2) издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштерин координациялоо;"; 9-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, аскердик түзүлүштөрдөн тышкары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (өзгөчө кырдаалдар маселелери бөлүгүндө);";

- 6-тиркемеде:

бүткүл текст боюнча "жарандык коргонуу" деген сөздөр "жарандык коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пунктунун 3-пунктчасында жана 7-пунктунун 1-пунктчасында "жана өзгөчө кырдаалдар" деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктунун 3, 5 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын; 9-пунктунун 1-пунктчасында: төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик түзүлүштөрү"; он биринчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
