Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министрин (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 30-марты № 350 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 24-февралындагы № 245 буйругуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 2-тиркемеде:
7-пункту төмөнкү мазмундагы 9-1 жана 9-2-пунктчалары менен толукталсын: "9-1) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана превентивдүү коргоо иш-чараларын жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана анын масштабдарын баалоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштерин координациялоо; 9-2) издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын иштерин координациялоо;"; 9-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, аскердик түзүлүштөрдөн тышкары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (өзгөчө кырдаалдар маселелери бөлүгүндө);";
- 6-тиркемеде:
бүткүл текст боюнча "жарандык коргонуу" деген сөздөр "жарандык коргоо" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пунктунун 3-пунктчасында жана 7-пунктунун 1-пунктчасында "жана өзгөчө кырдаалдар" деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктунун 3, 5 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын; 9-пунктунун 1-пунктчасында: төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик түзүлүштөрү"; он биринчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.