# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 24-январындагы № 99 (Турсунбаев А.А. боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 24-январындагы № 99 (Турсунбаев А.А. боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10912/edition/539660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 24-январындагы № 99 (Турсунбаев А.А. боюнча) буйругу (24.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210565

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 24-январы № 99 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык:

1. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучу Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Жалал-Абад облусунун райондорунун мамлекеттик администрация башчыларынын - акимдеринин кызмат ордуна талапкерлерди райондук кеңештердин сессияларында сунуштоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү болуп дайындалсын.

2. Жалал-Абад облусунун райондук кеңештерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген талапкерлерди кароо боюнча сессияларды өткөрүүнү уюштуруу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
