# КР Премьер-министрин 2012-жылдын 20-январындагы № 86 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 20-январындагы № 86 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210561>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10908/edition/539652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210561.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2012-жылдын 20-январындагы № 86 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы боюнча) буйругу (20.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210561

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2012-жылдын 20-январы № 86 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2012-жылдын 23-27-январында болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын Алматы шаарында 2012-жылдын 23-27-январында болуучу кезектеги жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Искандаров К.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;

Цурков В.Е.

\-

Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;

Касмалиев А.К.

\-

"Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;

Момбеков А.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Катанаев А.Г.

\-

Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

Касымов Ч.К.

\-

"Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;

Миңбаев А.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;

Камбаралиев Б.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;

Жакыпов Б.М.

\-

Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Мандычев Н.И.

\-

Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;

Чернявский В.А.

\-

Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедициясынын башкы инженери.
