# КР Премьер-министрин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 94 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн кыргыз делегациясы жиберүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 94 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн кыргыз делегациясы жиберүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2010
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/210520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-10867/edition/1279114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/210520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министрин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 94 (Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн кыргыз делегациясы жиберүү боюнча) буйругу (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/210520

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 1-октябры № 94 (КР Премьер-министринин 2010-жылдын 7-октябрындагы № 102 буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 11-мартындагы № 98 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:

1. Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн 2010-жылдын 11-15-октябрында кыргыз делегациясы тартылган адамдарды кошкондо тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 1-октябрындагы № 94 тескемесине тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн 2010-жылдын 4-10-октябрында жиберилүүчү кыргыз делегациясынын КУРАМЫ

Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директору; Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти; Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директорунун орун басары; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары; Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын экспедиция начальниги; Миңбаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси; Камбаралиев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери.
